Күч түзүмдөрү менен “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” боюнча иш-чара өттү

Башкы Жаңылыктар

Күч түзүмдөрү менен “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” боюнча иш-чара өттү

Image

30-мартта Ош облустук ички иштер башкармалыгында президенттин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жарлыгынын алкагында иш-чара уюштурулду.

Жыйынга күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, Ош мамлекеттик университетинен мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Мастура Шарипова жана факультеттер аралык кыргыз тилинин практикалык курсу кафедрасынын окутуучусу Элмира Алишерова катышты.

Анда “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу боюнча баяндамалар жасалып, тематикалык аудио материалдар угузулду. Катышуучулар арасында суроо-жооп жана талкуулар өткөрүлдү.

Жыйынтыгында президенттин жарлыгын жайылтуу жана натыйжалуу ишке ашыруу боюнча негизги багыттар белгиленип, улуттук баалуулуктарды жана мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган практикалык сунуштар айтылды. Иш-чарага активдүү катышкан кызматкерлерге  сыйлыктар тапшырылды.

 

Фото галерея