Кыздар регбиде күч сынашты: ОшМУда эл аралык турнир өттү

Башкы Жаңылыктар

Кыздар регбиде күч сынашты: ОшМУда эл аралык турнир өттү

Image

Спорттук иш-чарага Кыргызстан менен Өзбекстандан келген командалар катышты. 

Жыйынтыгында биринчи орунду Өзбекстандын командасы багындырса, экинчи орун Бишкек шаарынын командасына ыйгарылды. Ал эми үчүнчү орунду ОшМУнун кыздар курама командасы ээледи.

«Регби-7» олимпиадалык спорт түрүнө кирет. Мелдеш жаштар арасында спорттун бул түрүн өнүктүрүү жана кеңири жайылтуу максатында уюштурулду. Иш-чара Ош мамлекеттик университети, Ош мэриясы жана Франциянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен өткөрүлдү.

Учурда ОшМУда регби спортун өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Атап айтканда, дене тарбия адистигинде билим алган студенттер үчүн регби тандалма сабак катары окуу программасына киргизилген. Бул болсо жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттырууда.

Фото галерея