ОшМУ Нооруз майрамына карата иш-чараларга жигердүү катышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Нооруз майрамына карата иш-чараларга жигердүү катышты

Image

21-март күнү университет тарабынан даярдалган сүмөлөк Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев жана Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин катышуусунда ачылды.

Иш-чарада ректор Кудайберди Кожобеков баштаган окуу жай жамааты энелерден бата алып, жакшы тилектерди айтышты. Катышуучулар ынтымак, береке жана молчулук каалап, сүмөлөктөн ооз тийишти. Андан соң борбордук аянттагы салтанаттуу маданий иш-чарага катышышты.

Майрамдык программа 20-марттан тарта шаардагы Барпы Алыкулов атындагы сейил багында өтүп, шаар тургундарына жана меймандарга арналды. Анда университеттин студенттери кыргыз элинин каада-салттарын сахналаштырып, «Кыз-жигит сармерденин» көрсөтүштү. Мындан тышкары «Жүрөгүмдө Кыргызстан» аттуу концерттик программа сунушталып, ыр-бийлер жаңырды.

 

Фото галерея