Ош мамлекеттик университетинин Айыл чарба коллежинде экологиялык форум өткөрүлүп, анда айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүү жолдору талкууланды.
13-мартта өткөн иш-чара президенттин жарлыгынын негизинде кабыл алынган «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу концепциясын ишке ашыруу, университеттин илимий, таалим-тарбиялык жана коомдук ишмердүүлүгүн өнүктүрүү максатында уюштурулду.
Форумга Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Мастура Шарипова, Экотех көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын улук инспектору Уланкадыр Биймамат уулу, биология илимдеринин кандидаты, доцент Атыргүл Жакыпбекова, Ош шаардык суу чарбасынын химик-лаборанты Гүлмира Умурзакова, коллеждин окутуучулары жана студенттери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө «Таштандылардын адамзатка жана жерге тийгизген таасири», «Экологиялык коопсуздук» темаларында баяндамалар жасалып, экологиялык көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору боюнча сунуштар айтылды.
Студенттер топторго бөлүнүп иштеп, айлана-чөйрөгө байланышкан негизги маселелерди талдап, аларды чечүү боюнча өз ойлорун, сунуштарын ортого салышты. Ар бир топ өзүнүн ишинин жыйынтыгын сунуштап, жаратылышты коргоо боюнча демилгелерин билдиришти.
Форумдун жыйынтыгында экологиялык маселелерге коомчулуктун көңүлүн буруу, жаштардын экологиялык маданиятын жогорулатуу жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча биргелешкен аракеттерди күчөтүү максатында резолюция кабыл алынды.