Студенттер жумуш берүүчүлөр менен жолукту 

Башкы Жаңылыктар

Студенттер жумуш берүүчүлөр менен жолукту 

Image

Ош мамлекеттик университетинин айыл чарба коллежинде 11-мартта окутуучулар, студенттер, ата-энелер жана айыл чарба тармагында иш алып барган жумуш берүүчүлөрдүн жолугушуусу өттү.

“Компетенттүү бүтүрүүчү – келечектин ээси” аталышындагы иш-чарада  студенттерге айыл чарба тармагындагы учурдагы талаптар, адистерге коюлган шарттар жана эмгек рыногундагы мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берилди.

Жумуш берүүчүлөр студенттерге өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, заман талабына жооп берген адис болуу үчүн теориялык билим менен катар практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү зарыл экенин белгилешти. Ошондой эле алар келечекте мыкты адистерди иш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып, жаштарды билим алууга чакырышты.

Иш-чара суроо-жооп форматында улантылып, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.

Жыйын президент Садыр Жапаровдун “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жарлыгынын алкагында уюштурулду. 

 

Фото галерея