Окутуучулар Индияда эл аралык окуу программасына катышууда

Башкы Жаңылыктар

Окутуучулар Индияда эл аралык окуу программасына катышууда

Image

Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык медицина факультетинин окутуучулары Алия Базиева жана Мээрим Бусурманкул кызы Индияда өтүп жаткан EdTech Connect эл аралык окуу программасына катышууда. Окуу Варанаси шаарында 3-15-мартка чейин өтөт. 

Программанын алкагында катышуучулар билим берүү тармагында санариптик технологияларды натыйжалуу колдонуу, ачык билим берүү ресурстарын (OER) пайдалануу, жасалма интеллектин мүмкүнчүлүктөрү боюнча жаңы билимдерди өздөштүрүп жатышат. Ошондой эле билим берүү платформалары менен иштөө, изилдөө иштеринде колдонулуучу санариптик ыкмалар жана универсалдуу дизайн (UDL) принциптери боюнча маалымат алышууда.

Окутуунун жүрүшүндө дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген адистер менен тажрыйба алмашып, билим берүүдө санариптик технологияларды колдонуу боюнча алдыңкы практикалар менен таанышып чыгышат. 

Бул окуутуу Индия өкмөтү каржылаган ITEC (Indian Technical and Economic Cooperation) программасынын алкагында уюштурулган.

Фото галерея