5-мартта Ош мамлекеттик университети «Глобал Технолоджи Солюшнс» компаниясы менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. Документке ректор Кудайберди Кожобеков жана компаниянын президенти, доктор Денни Чо кол коюшту.
Жолугушууда тараптар билим берүү, илим жана инновация тармактарында кызматташууну кеңейтүү, эки мекеменин академиялык, илимий жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн биргелешип пайдалануу маселелерин талкуулашты.
Кол коюлган меморандум инновациялык долбоорлорду ишке ашырууну, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүнү, конференция, семинар жана конок лекцияларды уюштурууну камтыйт.
Күндүн экинчи жарымында делегация университеттин Экономика, бизнес жана менеджмент институтунда студенттер үчүн конок лекцияларын өтөт. Анда доктор Андре Крейе «Логистикадагы тенденциялар жана экономикалык динамика: Борбор Азия глобалдык контекстте» темасында, Денни Чо «Логистика жана жеткирүү чынжырларындагы санариптик трансформация: мүмкүнчүлүктөр, тобокелчиликтер жана региондук таасирлер» темасында баяндама жасайт.
«Глобал Технолоджи Солюшнс» логистика, жеткирүү чынжырларын башкаруу, операциялык менеджмент, финансы жана маалыматтык системалар багытында адистерди даярдоого багытталган билим берүү демилгелерин колдойт. Компания жогорку окуу жайлар, илимий борборлор жана эл аралык эксперттер менен кызматташып, академиялык программаларды, тренингдерди, конок лекцияларды, изилдөө долбоорлорун уюштурууга көмөк көрсөтөт.