Орус тили боюнча олимпиаданын жеңүүчүлөрү аныкталды

Башкы Жаңылыктар

Орус тили боюнча олимпиаданын жеңүүчүлөрү аныкталды

Image

Филология жана маданият аралык коммуникация институтунда орус тилинин жумалыгынын алкагында өткөн орус тили боюнча олимпиаданын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөрү аныкталды. 

Биринчи орунду Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун студенти Шириной Акбарова, экинчи орун Медицина факультетинин студенти Тахмина Анарбаевага ыйгарылды. Үчүнчү орунду Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун студенти Сарвиноз Гуламжонова багындырды.

Олимпиадада катышуучулар лексика-грамматика, фразеологизмдер, Орусиянын ири шаарлары, орус жазуучуларынын чыгармаларынан үзүндүлөр, орус элинин жашоо образы жана дүйнө таанымы боюнча суроолорго жооп беришти.

Иш-чаранын алкагында профессор Гулипа Мадмарова инновациялык технологиялардын негизинде даярдалган баяндама жасады. Мындан тышкары институтта Эл аралык эне тил күнүнө арналган майрамдык иш-чара уюштурулду. Ага медицина факультетинин 1-курс студенттери активдүү катышып, кыргыз, орус, казак, өзбек, түрк, татар жана англис тилдеринде ыр-бийлерди аткарып, поэзия окушту.

Иш-чара факультеттер аралык орус тилинин практикалык курсу кафедрасынын окутуучулары тарабынан уюштурулду.

Фото галерея