Бизнес парк студенттерге стартап жана бизнес тренингдерди өткөрүүдө

Башкы Жаңылыктар

Бизнес парк студенттерге стартап жана бизнес тренингдерди өткөрүүдө

Image

ОшМУнун Бизнес паркы тарабынан университеттин бир катар түзүмдөрүндө масштабдуу тренингдер цикли уюштурулуп жатат.

16-21-февраль күндөрү Теология факультетинде, STEM коллежинде, Тарых жана юридика институтунда, Педагогика, искусство жана журналистика институтунда, Медициналык факультетте, Курулуш коллежинде жана Next Generation Hubтын студенттери үчүн өзүнчө жолугушуулар өткөрүлдү.

Ар бир факультетте тренингдер алардын багытына ылайык мисалдар жана практикалык кейстер менен коштолду. Катышуучуларга бизнес-идеяларды жаратуудан тартып, аны рынокко чыгарууга чейинки кадамдар түшүндүрүлдү. Программанын алкагында студенттерге төмөндөгүлөр сунушталды:

  • бизнес-идеяларды иштеп чыгуу алгоритми;
     
  • стартаптарды каржылоо мүмкүнчүлүктөрү;
     
  • реалдуу кейстер жана ийгиликтүү тажрыйбалар;
     
  • суроо-жооп форматындагы ачык диалог жана жеке консультациялар.

Жолугушуулар интерактивдүү өтүп, студенттер өз идеяларын презентациялап, практикалык сунуштарды алышты. Айрым катышуучулар өз стартап демилгелерин өнүктүрүү үчүн Бизнес парк менен мындан аркы кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.

Бизнес парк мындан ары да тренингдерди, практикалык жолугушууларды жана стартап долбоорлорун колдоого багытталган иш-чараларды системалуу түрдө улантарын кошумчалады. 

Фото галерея