ОшМУда жаштарды сергек жашоого үндөгөн форум өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда жаштарды сергек жашоого үндөгөн форум өттү

Image

18-февралда окуу жайда Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттерин бириктирген "Жаштардын сергек жашоо образын калыптандыруу–экстремизмге каршы алдын алуунун негизги жолу" аталышындагы форум уюштурулду. Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Форумда диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын светтик принциптери, экстремизм жана терроризмге каршы аракеттер, киберкоопсуздук, жаштар арасындагы зордук-зомбулуктун, эрте никенин алдын алуу маселелери боюнча маалыматтар берилди. Ошондой эле сергек жашоо образын жайылтуу жана жаштардын социалдык жоопкерчилигин күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Анда Кыргызстандын бажы кызматынын полковниги  Нурбек Джээнбеков "Жаштар спорт үчүн, баңгизаттарга каршы!", ал эми Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын өкүлү "Экстремизм жана терроризмдин алдын алуу жана ага карата чаралар" боюнча презентацияларды жасашты. 

Иш-чара жаштардын критикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, креативдүү идеяларды талкуулоого, ыктыярчылык маданиятын жайылтууга багытталды.

Форум талкуулар менен коштолуп, катышуучулар өз пикирлерин активдүү билдиришти. Жыйын соңунда чакан концерттик программа тартууланды.

 

Фото галерея