17-февралда Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) Европа Биримдигинин өкүлдөрүн кабыл алды. Анын курамында Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Реми Дюфло жана Европа парламентинин депутаты Жузи Принчи баштаган 28 өкүл болду.
Иш сапардын негизги бөлүгүндө делегация студенттер менен ачык форматта баарлашты. Жолугушууда академиялык мобилдүүлүк, чет өлкөдө билим алуу мүмкүнчүлүктөрү, жаштардын демилгелери жана келечектеги кызматташтык маселелери талкууланды. Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.
Ошондой эле делегация ректор Кудайберди Кожобеков менен жолукту. Анда жогорку билим берүү системасын өнүктүрүү, биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу жана эл аралык гранттык программаларга катышуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Тараптар кызматташтыкты мындан ары дагы тереңдетүүгө даяр экенин белгилешти.
Конокторго ОшМУнун тарыхы, билим берүү багыттары, илимий потенциалы, эл аралык кызматташтыгы боюнча маалымат берилди. Мындан тышкары Евробиримдиктин билим берүү жана илим тармагындагы долбоорлору, Erasmus+ стипендиялык программасы, Кыргызстан менен Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы өнөктөштүктү кеңейтүү маселелери сөз болду.
Делегация Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан менен билим берүү жана илим багытындагы кызматташтыкты чыңдоого өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.