Ош шаарындагы «Юз оф Ош» коомдук бирикмеси ишке ашырган «СЕН–ТЫ–YOU» долбоору өз ишмердүүлүгүн ийгиликтүү аяктады. Долбоор окуу жай менен кызматташтыкта жүргүзүлдү.
Долбоордун алкагында ОшМУнун доценти, Квалификацияны жогорулатуу борборунун директору Ташболот Жороев тарабынан бир катар окуу-методикалык материалдар даярдалды. Анын ичинде мугалимдерге арналган «Өспүрүмдөрдүн өзүн-өзү таанып билүү жана жеке өнүгүү курсунун сабактары», «Ата-энелер үчүн сабактар» аттуу колдонмолор жана 72 сааттык окуу-методикалык программа иштелип чыкты.
Бул материалдар өлкөнүн билим берүү институттарында, методикалык борборлордо жана квалификацияны жогорулатуу мекемелеринде пайдаланууга ылайыкталган.
Иштелип чыккан колдонмолор Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулар кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептерде колдонууга сунушталып, басмадан чыгарылды.
Аталган материалдар 2022-жылы кабыл алынган Жалпы мектептик билим берүүнүн мамлекеттик стандартына ылайык иштелип чыгып, окуучулардын өзүн-өзү таанып билүү, жеке өнүгүү жана көйгөйлөрдү чече билүү жөндөмдөрүн калыптандырууга багытталган.