Ош мамлекеттик университетинин «Билим» лицейинин окуучулары билим жана спорт тармагында бир катар жогорку жетишкендиктерге жетишишти. Ушуга байланыштуу 26-декабрда ректор Кудайберди Кожобеков лицейдин мыкты окуучуларын кабыл алып, куттуктады.
Ийгилик жараткан окуучулардын арасында 8-класстын окуучусу Бийболот Шерматов да бар. Ал Казакстанда өткөн тогуз коргоол боюнча Азия жана Дүйнө чемпионаттарында үчүнчү орунду ээлеп, Кыргызстандын намысын коргоду.
Мындан тышкары «ZEEN OLYMPIAD 5» республикалык онлайн олимпиадасында кыргыз, орус, англис тилдери жана математика сабактары боюнча байгелүү орундарды алган окуучулар сыйланышты. Анын ичинде 4-класстын окуучусу Бермет Мамасадыкова англис тили сабагы боюнча 1-орунду камсыздап, диплом жана планшет менен сыйланды.
Иш-чаранын жүрүшүндө ректор окуучуларга ийгилик каалап, билимге умтулуу жана тынымсыз аракет кылуу ар дайым жакшы жыйынтык берерин белгиледи.