Айыл чарба колледжи акыл таймашта жеңишке жетти 

Башкы Жаңылыктар

Айыл чарба колледжи акыл таймашта жеңишке жетти 

Image

26-декабрда Ош мамлекеттик университетинде өткөрүлгөн  колледждер аралык акыл таймашта Айыл чарба колледжинин “Датка” командасы жеңүүчү болду. 

Интеллектуалдык мелдешке жети колледж катышты. Таймаштын жүрүшүндө студенттер кыргыз таануу жана ар түрдүү фактылар боюнча логикалык суроолорго жооп беришти. Акыркы бөлүктө капитандар арасында өзүнчө мелдеш уюштурулду. Катышуучулар өздөрүнүн билим деңгээлин, логикалык ой жүгүртүүсүн жана команда менен иштөө жөндөмүн көрсөтө алышты.

Иш-чара Курулуш колледжинин 60 жылдык мааракесине карата уюштурулуп, студенттердин интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө, улуттук баалуулуктарды таанып-билүүгө жана билимге болгон кызыгуусун арттырууга багытталды.





 

Фото галерея