Бөйрөк алмаштыруу, жүрөккө стент коюу, тубаса кемтикти жабуу. Булардын баары ушул жылы университетибиздин медклиникасында жасалган уникалдуу операция болуп калды.
2025-жылы клиникада трансплантациядагы чоң жаңылык болду. Тажрыйбалуу дарыгерлерибиз орусиялык кесиптештери менен бирге эки ирет ийгиликтүү бөйрөк алмаштырды. Боор алмаштырууга да уруксат алынып, жакында ишке ашканы турат.
![]()
Быйыл биринчи жолу жүрөккө кардиостимулятор орнотулду. Бүгүнкү күндө 82 бейтап эндоваскулярдык метод менен операция болду. 6 000ге бейтап амбулатордук жардам алган. 6 685 кызматкер жана студент санитардык китепчелерин толтурган. 1 800 студент профилактикалык кароодон өткөн. Терапия бөлүмүндө 2 000ден ашуун бейтап дарыланса, реанимацияда 105 оор абалдагы бейтапка жардам берилди. Хирургияда 110 операция, анын ичинде 20 жүрөк-тамыр тигүү операциясы жасалды.
![]()
“Ден соолук кербени” долбоору менен ай сайын клиника дарыгерлери 1000ге жакын айыл тургундарын акысыз медициналык кароодон өткөрүп турду.
Президенттин жарлыгы менен ОшМУда жаңы 7 кабаттуу клиника курулуп бүтүп калды. Курулуш иштери толугу менен 2026-жылы аяктайт. Кампустун аянты эки гектарды түзөт. Мында тогуз багыт боюнча бөлүмдөр курулууда. 6 илимий-изилдөө жана реабилитациялык борборлор да бар. Клиника ишке кирсе четке чыгып жаткан дарыгерлердин агымы токтойт.
![]()
ОшМУ – түштүк аймактагы эксперименталдык, илимий жана клиникалык медицинанын жаңы борборуна айланууда.