2025–2026-окуу жылына карата жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун биринчи туру жыйынтыкталды. Илим, билим берүү жана инновациялар министрлиги жарыялаган кабыл алуу 23-декабрда башталган.
Биринчи турдун жыйынтыгында жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) аркылуу 76 абитуриент катталды. Ал эми талону жок адистиктерге үч абитуриент арыз берди. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттер окууга болгон макулдугун 29-декабрь күнү саат 16:00гө чейин тастыктоосу керек.
Кышкы кабыл алуунун кийинки этаптары төмөнкү күндөрү өтөт:
Кышкы кабыл алуу контракттык негизде гана жүргүзүлөт. ЖРТнын жыйынтыгы боюнча кышкы кабыл алууга катышкан жогорку окуу жайлардын жана багыттардын тизмеси https://2020.edu.gov.kg/ сайтында жайгаштырылган.