ОшМУнун Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунда англиялык улуу физик Исаак Ньютондун туулган күнүнө карата студенттик илимий иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара «Азыркы физиканын атасы – Исаак Ньютон» деген аталышта уюштурулду.
Анда студенттер Ньютондун өмүр жолу жана илимий ачылыштары тууралуу баяндамаларды жасашты. Ошондой эле классикалык механика, бүткүл дүйнөлүк тартылуу закону, оптика тармагындагы эмгектери жана анын азыркы физиканын өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу презентациялар көрсөтүлдү. Мындан тышкары студенттер тарабынан түрдүү физикалык тажрыйбалар жана макеттер демонстрацияланды.
Жыйынтыгында мыкты баяндамаларды жасап, тажрыйбаларды ийгиликтүү көрсөткөн студенттерге сертификаттар тапшырылды. Бардык катышуучулардын активдүүлүгү белгиленип, ыраазычылык билдирилди.
Иш-чара Жалпы физика жана физиканы окуттуу усулу кафедрасы тарабынан демилгеленген. Максаты – студенттердин физика илиминин теориялык негиздери боюнча билимин тереңдетүү, илимий ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана физика мугалиминин кесиптик билгичтиктерин практикада колдоно билүүгө шарт түзүүгө багытталган.