23-декабрда Ош мамлекеттик университетинде президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жаңы жылдык балаты майрамы уюштурулду.
Майрамдык иш-чарага облус башчысы Аманкан Кенжебаев, орун басары
Талантбек Арстанкулов жана Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков катышты.
Балаты майрамына аймактардагы мектептерде эң мыкты окуган окуучулар, эл аралык сынактардын, олимпиадалардын, турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, майыптыгы бар жана жардамга муктаж 170 бала чакырылды.
Майрамдык салтанат театрлаштырылган оюн-зоок программалар менен коштолуп, жагымдуу маанай тартууланды. Кечеге келген ар бир балага президенттин жана облус жетекчисинин атынан жаңы жылдык белектер тартууланды.