Педагогика, искусство жана журналистика институтунун доценти Минавар Шаимкулова 2025–2026-окуу жылына карата «Мекен таануу жана аны окутуунун методикасы» дисциплинасын окутууда силлабуска чыгармачылык жана заманбап жаңылыктарды киргизди.
Силлабуска электрондук ресурстар, презентациялар, слайддар жана ар бир темага байланыштуу шилтемелер кошулуп, студенттерге окуу материалдарын ыңгайлуу жана жеткиликтүү формада өздөштүрүүгө шарт түзүлдү. Бул ыкма аркылуу студенттер темага байланыштуу маалыматтарды кошумча издебей, түз шилтемелер аркылуу керектүү материалдарга жетише алышат.
Шаимкулованын айтымында, мындай жаңыланган ыкма окуу процессинин сапатын жогорулатып, студенттердин предметке болгон кызыгуусун күчөтөт.
«Студенттер темага байланыштуу маалыматтарды кошумча булактардан издөөдө убакыт коротпой, силлабустагы так шилтемелер аркылуу тиешелүү материалдарга түз жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту», –дейт ал.