ОшМУ “Кулун-Ата” коругу менен илимий кызматташууну чыңдоодо

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ “Кулун-Ата” коругу менен илимий кызматташууну чыңдоодо

Image

17-декабрда Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунда “Кулун-Ата” мамлекеттик жаратылыш коругу менен биргеликте семинар уюштурулду.  Анда коруктагы дарылык өсүмдүктөр боюнча чыккан окуу китеби жана жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөөлөр талкууланды. 

Иш-чарага биология багытынын студенттери, магистрлер, окутуучулар, ички гранттык долбоорлордун аткаруучулары Айназик Боронбаева, Жазгүл Абдырахманова жана “Кулун-Атанын” директорунун милдетин аткаруучу Марат Бердали уулу, коруктун илимий кызматкери Камбарали Абдисаттаров  катышты. Доцент Болот Каримов көп жылдык изилдөөлөрдүн арты менен жарык көргөн “Кулун-Ата” коругунун дары өсүмдүктөрү аталышындагы китеби тууралуу маалымат берди. Окуу куралдын авторлору – Болот Каримов, Аида Дурсунбаева, Марат Бердали уулу жана Камбарали Абдисатаров. Алар институттун китепканасына жана окуу залына аталган китептерди белекке тапшырышты.

Ал эми институттун директору Абдирашит Низамиев Кара-Кулжа районунда жайгашкан “Кулун-Атанын”аймагында жүргүзүлгөн спорттук туризмди өнүктүрүү потенциалдары боюнча изилдөөсү менен тааныштырды. Ошондой эле коруктун илимий кызматкери Камбарали Абдисаттаров ОшМУнун окумуштуулары тарабынан бул аймакта жүргүзүлгөн илимий экспедициялар тууралуу презентациясын сунуштады.

Окутуунун жүрүшүндө 2006–2007-жылдары маркум профессор Болот  Кулназаровдун жетекчилиги астында жарык көргөн басылмалар,   жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн негизинде коруктун музейине тапшырылган  500 гербарий жана 270 суу өсүмдүктөрүнүн сүрөттүү коллекциялары боюнча маалымат берилди. Коруктун кызматкерлери бул илимий экспедициялардын натыйжасында “Кулун-Ата” мамлекеттик жаратылыш коругунун музейи ачылганын айтып, ыраазычылык билдиришти. 



 

 

 

Фото галерея