ОшМУда коррупцияга каршы комиссия жолугушууларды өткөрүүдө

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда коррупцияга каршы комиссия жолугушууларды өткөрүүдө

Image

Ош мамлекеттик университетинде коррупцияны алдын алуу жана аны жоюу боюнча деталдуу иш-пландын алкагында атайын комиссиянын жолугушуулары өтүп жатат.

Бүгүн, 3-декабрда Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунда кезектеги жолугушуу өттү. Иш-чарага коррупцияга каршы комиссиянын төрагасы, окуу иштери боюнча проректор Руслан Арапбаев, комиссиянын мүчөсү, коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Нурлаким Арзиев жана институттун профессордук-окутуучулук курамы катышты.

Жолугушууда «ОшМУда 2025-жылы коррупцияны алдын алуу жана коррупциялык схемаларды демонтаждоо боюнча кадамдык иш-чаралардын деталдуу планы» боюнча быйыл аткарылган иштер боюнча маалымат берилди. Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексине киргизилген өзгөртүүлөр түшүндүрүлдү. Мындан тышкары коррупциянын алдын-алуу жолдору, тобокелдиктерди азайтуу, кызматтык этика жана ачык-айкындыкты камсыздоо чаралары талкууланды. 

Жыйында университеттин быйылкы жылдагы негизги жетишкендиктери, аткарылган иштер жана алдыдагы өнүгүү багыттары тууралуу да маалымат айтылды.

Бул сыяктуу жолугушуулар ноябрь айынан тарта ОшМУнун бардык институт, факультет, колледж жана түзүмдөрүндө уюштурулуп жатат. Иш-чаралар декабрь айынын аягына чейин уланат жана профессордук-окутуучулук курамдан сырткары студенттер үчүн да уюштурулат. 





 

Фото галерея