Окумуштулар SheSCIENCE 2025 эл аралык форумуна катышты

Башкы Жаңылыктар

Окумуштулар SheSCIENCE 2025 эл аралык форумуна катышты

Image

ОшМУнун физика-математика илимдеринин доктору Гүлбадан Матиева, профессорлор Таасилкан Жумабаева жана Бибигүл Орунбаева, доценттер Гүлмира Шамшиева, Гүлзада Жумашева Ташкентте өткөн Борбор Азиядагы окумуштуу-аялдардын эл аралык форумуна катышты.

«Илимий-инновациялык экосистемаларды интеграциялоо аркылуу регионалдык өнүктүрүүнү илгерилетүү» аталышындагы форумда аймактагы илимий жетишкендиктердин артыкчылыктуу багыттары талкууланды. 

Мындан сырткары иш-чара тарыхый-маданий изилдөөлөрдү биргеликте жүргүзүү, анын жыйынтыгы аркылуу мамлекеттер аралык кызматташууну чыңдоого багытталды. Жыйытыгында илимий-инновациялык экосистемаларды интеграциялоо аркылуу регионалдык өнүктүрүүнү илгерилетүү үчүн биргеликте долбоолордун үстүндө кызаматташуу мерчемделди. 

Борбор Азия өлкөлөрүнүн аял илимпоздор бириктирген форум 27-ноябрда өттү. Иш-чара илимий-инновациялык экосистемаларды өнүктүрүү максатында демилгеленген. 

Фото галерея