Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) ректору Кудайберди Кожобеков 25-26-ноябрь күндөрү Ташкент шаарында иш сапарда болду.
25-ноябрда Central Asia University базасында «Горизонтторду кеңейтүү: жогорку билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү» темасында QS Eurasia Forum иш-чарасында спикер болду. Форумдун жүрүшүндө заманбап илимий-билим берүү маселелери, жасалма интеллект технологияларын билим берүү программаларына интеграциялоо, бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусунун келечеги талкууланды.
Ошондой эле ар кайсы өлкөлөрдө жана ЖОЖдордо туруктуу өнүгүү стратегияларын ишке ашыруу, дүйнөнүн ар кыл аймактарындагы билим, илим борборлору менен коллаборациялардын мүмкүнчүлүктөрү боюнча сөз болду.
Иш-чарага Евразия, Түштүк-Чыгыш Азия, араб өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү, билим берүү боюнча эл аралык эксперттер жана министрликтердин жетекчилери катышты. Анда QS Quacquarelli Symonds компаниясынын президенти Нунцио Квакварелли, жогорку билим берүү тармагынын өкүлдөрү жана эл аралык эксперттер сөз сүйлөштү.
26-ноябрда ректор “Кайра жаралуучу энергия булактарынан электр жана жылуулук өндүрүү боюнча трансверсалдык жана туруктуу көндүмдөрдү өнүктүрүү” аттуу долбоордун Жетекчилик комитетинин жыйынына катышты. Бул долбоор Европа биримдигинин колдоосу менен ишке ашып жатат. Анда Ош мамлекеттик университети бенефициары болуп саналат. Долбоор кайра жаралуучу энергия тармагында жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо жана аймактагы энергиянын кайра жаралуучу булактарынын потенциалын өнүктүрүүгө багытталган.