Испаниянын Гвадалахара шаарында Орусиянын консулдук мекемесинин алдында иш алып барган Орус тили боюнча адистерди даярдоо борборунун окутуучусу Полина Адова 13-ноябрда ОшМУда конок лекция окуду.
Иш-чарага Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун Орус филологиясы бөлүмүнүн 4-курсунун студенттери, ошондой эле ОшМУ менен Евразия улуттук университетинин (Астана) ортосундагы кош диплом программасында окуган 1–2-курстар катышты.
Конок лекция «Критикалык ой жүгүртүү жана кабылдоо» темасында болду. Полина Адова баяндамасында студенттерге критикалык ой жүгүртүүнүн заманбап окуу процессиндеги мааниси, маалыматты туура кабыл алуу, талдоо ыкмалары тууралуу кеңири маалымат берди.
Иш-чара ОшМУ менен Евразия улуттук университетинин ортосундагы кош диплом программасы долбоорунун жетекчиси Диларом Мадаминова баштаган профессордук-окутуучулук курам тарабынан уюштурулду.