Өзбекстандык дарыгерлер ОшМУнун медициналык клиникасында акысыз кароо жүргүзүүдө

Башкы Жаңылыктар

Өзбекстандык дарыгерлер ОшМУнун медициналык клиникасында акысыз кароо жүргүзүүдө

Image

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик Ё.Х. Туракулов атындагы республикалык адистештирилген илимий-тажрыйбалык эндокринология борборунун дарыгерлери Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасында акысыз кеңештерди өткөрүшүүдө. 

Акысыз кароо 30–31-октябрда саат 09:00дөн 16:00гө чейин, ал эми 1-ноябрда саат 08:00ден 11:00гө чейин жүргүзүлөт. Жарандарга эндокринологдор, окулист, радиолог-тиероидолог, УЗИ дарыгери жана репродуктологдор акысыз медициналык жардам көрсөтүп, адистештирилген кеңештерди беришет. 

Бүгүн, 30-октябрда дарыгерлер окуу жайга келип тышкы байланыштар боюнча проректор Курсантбек Аттокуров, Медициналык клиниканын директору Жазгүл Иметова менен жолугушту. Тараптар аталган борбор менен ОшМУнун медициналык клиникасынын ортосунда эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. 

Бул иш аракет Кыргызстан жана  Өзбекстан дарыгерлеринин кызматташтыгын бекемдөө, жарандардын ден соолугуна кам көрүү жана адистештирилген медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн арттыруу максатында демилгеленген. 

 

Фото галерея