ОшМУнун регбичилери Оманда өткөн Азия чемпионатына катышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун регбичилери Оманда өткөн Азия чемпионатына катышты

Image

Регби боюнча Оман өлкөсүндө өткөн Азия чемпионатына Кыргызстандын курамасынын курамында ОшМУнун регби боюнча оюнчулары Шумкарбек Окен уулу менен Арген Дыканов катышып келди.

Азия чемпионаты үстүбүздөгү жылдын 22-24-октябрь күндөрү өттү. Анда   улуттук курама алгачкы жолу катышты. Алар Казакстан, Ливан, Палестина жана Сауд Арабиясынын командалары менен ойноду.

Учурда ОшМУнун регби курама командасынын төрт оюнчусу улуттук курамада Кыргызстандын намысын коргоп жүрөт. Түштүк аймагы боюнча алгачкы жолу ОшМУда регби командасы түзүлүп, өлкө чемпионатында  ойноп  келет.

 

 

 

Фото галерея