Биз бирге күчтүүбүз! ОшМУда эмчек безинин рагын алдын алуу талкууланды

Башкы Жаңылыктар

Биз бирге күчтүүбүз! ОшМУда эмчек безинин рагын алдын алуу талкууланды

Image

«Кызгылт октябрь» айлыгынын алкагында 21-октябрда Эл аралык медицина факультетинде эмчек безинин рагын алдын алуу жана эрте аныктоо боюнча эл аралык иш-чара өттү.

Иш-чара «Биз бирге күчтүүбүз!» деп аталып, анда ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Эл аралык медицина факультетинин деканы Роман Калматов жана Ош облустар аралык онкология борборунун директору Зарина Панизова сөз сүйлөп, жолугушуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Ошондой эле бул багытта иш аракеттерди жүргүзүп жаткан адистерге ыраазычылык билдиришти.

Зарина Панизова «Статистика: фактылар жана сандар», онколог, маммограф Дениз Касымов «Маммография — ракты эрте аныктоонун алтын стандарты»,  УЗИ-адиси Нурбек Мамапов «УЗИ-диагностика: мүмкүнчүлүктөр жана чектөөлөр» деген темада баяндама жасашты.

Ал эми RITA долбоорунун алкагында тажрыйба топтогон тренерлер катышуучуларга Кыргызстанда жаштар арасында рак оорусун алдын алуу боюнча эл аралык тажрыйбалары тууралуу маалымат беришти.

Иш-чара аялдардын ден соолугун сактоонун маанилүүлүгүн коомчулукка жеткирүү жана эмчек безинин рагын эрте аныктап, алдын алуу боюнча маалыматты кеңири жайылтуу максатын көздөйт. Ал «Польша-Америка Эркиндик» фонду тарабынан колдоого алынып, RITA «Аймактык өзгөрүүлөр» долбоору аркылуу ишке ашырылууда.

Эске салсак: Буга чейин Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары, профессор Аида Келдибекова, улук окутуучу Жылдыз Тойчуева, доцент Жайнагүл Абдирасулова жана Мээримгүл Бусурманкул кызы Польшанын Быдгощ шаарында тажрыйба топтоп келишкен. Учурда алган билимин жайылтуу иштерин өткөрүп жатышат. 

 

Фото галерея