Дүйнөдө эмне кеп: Медицина жаатындагы Нобель. Иммунитетти изилдеген илимий иштерге ыйгарылды

Башкы Жаңылыктар

Дүйнөдө эмне кеп: Медицина жаатындагы Нобель. Иммунитетти изилдеген илимий иштерге ыйгарылды

Image

2025-жылдагы Медицина боюнча Нобель сыйлыгы иммунитет тармагындагы изилдөөлөр үчүн ыйгарылды.

2025-жылдын Медицина жана физиология боюнча Нобель сыйлыгы Мэри Брунковго, Фред Рамсделлге жана Шимон Сакагучиге иммундук системаны изилдеген эмгектери үчүн ыйгарылды. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Стокгольмдогу Нобель комитети расмий жарыялады.

Сыйлык алардын перифериялык иммундук толеранттуулук жаатындагы илимий ачылыштарына берилди — бул аутоиммундук оорулардын алдын алууда маанилүү ролду ойногон молекулярдык жана клеткалык механизмдерди түшүндүргөн багыт.

  • Мэри Брунков (1961-жылы туулган) — АКШнын Сиэтл шаарындагы Системалык биология институтунда иштейт.
  • Фред Рамсделл (1960-жылы туулган) — Сан-Францискодогу Sonoma Biotherapeutics биотехнологиялык компаниясынын илимий жетекчиси.
  • Шимон Сакагучи (1951-жылы туулган) — Япониянын Осака университетинде эмгектенет.

Сыйлыктын жалпы көлөмү 11 миллион швед кронасы (болжол менен 107 миң АКШ доллары) болуп, үч лауреаттын арасында тең бөлүштүрүлөт.

Булак: kabar.kg