«Бизнес Хаус КЖ Ош Сити» мыкты окутуучуларды сыйлады

Башкы Жаңылыктар

«Бизнес Хаус КЖ Ош Сити» мыкты окутуучуларды сыйлады

Image

ОшМУнун эң мыкты 10 окутуучусу «Бизнес Хаус КЖ Ош Сити» курулуш компаниясынын өкүлдөрү тарабынан ыраазычылык баракча жана белектерди алышты. Сыйлыктар ОшМУдагы окутуучулардын рейтинг көрсөткөчүнүн жыйынтыгына ылайык берилди. 

Сыйлоо аземи мугалимдердин майрамына карата тапшырылды. Компаниянын өкүлдөрү агартуу тармагындагы адистерге колдоо көрсөтүү коомдун өнүгүүсүнө түздөн-түз салым кошорун айтышты. 

Учурда ОшМУда окутуучулардын илимий жана окуу-методикалык иштердеги жетишкендиктерин балоо боюнча рейтинг түзүлгөн. Мына ушул көрсөткүчтөрдүн негизинде мыкты мугалимдер тандалып алынган.

Рейтингди ОшМУнун Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү жүргүзүп келет. Дал ушул баалоонун негизинде «Топ-10» мыкты окутуучу аныкталып, Илим жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин ыраазычылык баракчасы тапшырылат.

Учурда ОшМУда эки жарым миңден ашуун окутуучу эмгектенет.

 

Фото галерея