Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) Курулуш жана Айыл-чарба коллеждеринин окутуучуларына окуу-методикалык комплекстерди түзүү боюнча окутуу уюштурулду.
Анда окутуу программасын иштеп чыгуу, окуу-методикалык комплекстерди түзүүнүн жол-жоболору боюнча маалыматтар берилди. Ошондой эле окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмүнүн ишмердүүлүгү тааныштырылды.
Семинарды бөлүмдүн методист-координаторлору Меликан Нурмаматова, Айнура Камалова, Өмүркан Шаимкулова жана Бусанам Сайпидинова өттү. Окутуудан соң кызуу талкуу жүрүп, окутуучулар өз пикирлерин ортого салышты.