УТРК менен ОшМУ түптөгөн телестудия пайдаланууга берилди 

Башкы Жаңылыктар

УТРК менен ОшМУ түптөгөн телестудия пайдаланууга берилди 

Image

Бүгүн, 27-сентябрда Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) менен  Улуттук телерадиоберүү корпорациясы (УТРК) биргеликте түптөгөн телестудия  пайдаланууга берилди. Расмий ачылышка ректор Кудайберди Кожобеков, УТРКнын башкы директору Болотбек  Тиллебаев, окутуучулар жана студенттер катышты.

Жаңы студия УТРКнын Оштогу бөлүмүндө жайгашкан. Аны оңдоп-түзөөгө ОшМУ каражат бөлдү. Каражатка декорациясы жасалгаланып, лед-экрандар рнотулду. Ал эми телеканал видео, аудио техника менен жарыктандыруучу техникалар камсыздады.

Студияда окуу жайдын Журналистика бөлүмүнүн студенттери тажрыйба топтоп, теле жаатында адис катары калыптанышына мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан тышкары телеканал атайын канаа да ажыратып берген. Ал жерде студенттер түрдүү жанрдагы долбоорлорду ишке ашырса болот. Алар даярдаган контенттер УТРКнын эфиринен берилет. 

Буга чейин, 2023-жылы УТРКнын башкы директору Болотбек Тиллебаев менен ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков кызматташуу келишимине кол коюшкан.

Фото галерея