
Казакстандагы Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин эл аралык кызматташтык департаментинин чет элдик жарандар менен иштөө секторунун башкы адиси Айткурман Шалхыбаев, академиялык иштер боюнча департаменттин директорунун орун басары Гүлмира Абдимаулен, «Билим берүү тарыхы» музейинин башчысы Сымбат Ахметова бүгүн 2-июлда ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган жамаат менен жолукту.
Анда Евразия улуттук университетинен келген делегация жаңы окуу жылынан аталган окуу жайдын ОшМУдагы казак тили жана маданияты борборун кеңейтүү, жасалма интелект, туризм, экология багытында жаңы адистиктерди ачуу боюнча сунуштарын айтышты. Бул адистиктер ачылса Евразия улуттук университетинин бир тараптуу дипломун берет. Андан сырткары билим берүү, илим изилдөө, академиялык мобилдүүлүк багыттырында сөз болду. Буга чейин эки окуу жайдын ортосунда ишке ашып жаткан биргелешкен билим берүү программалары, кош дипломдуулук багыттарында жетишкендиктер айтылды.
Август айында күтүлүп жаткан Кыргызстан менен Казакстандын президенттеринин Бишкекте өтүүчү жолугушуусунда билим берүү жаатында да расмий келишимге кол коюу пландалып жатканы, бул келишим тараптардын кызматташтыгын кеңейтип, мамлекеттер аралык илимий билим берүүнү өркүндөтүү максатын көздөй тургандыктарын белгилешти.
2022-жылы ОшМУда Евразия улуттук университетинин филиалы - казак тили жана маданияты филиалы ачылса, 2023-жылы Евразия улуттук университетинде ОшМУнун филиалы - кыргыз тили жана маданияты борбору пайдаланууга берилген. Учурда ОшМУ менен Евразия улуттук университетинин ортосунда 5 бакалавр, 4 магистрдик кош дипломдуу программа боюнча келишимдерге кол коюлган. Кош дипломдуу программасынын алкагында 85 студент, магистрант билим алууда. Алар 2 жыл ОшМУда, 2 жыл Евразия улуттук университетинде билимин улантышат.
“ОшМУ Евразия улуттук университети менен 2018-жылдан тартып кызматташып келет. Бул аралыкта 500дөн ашуун студент академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча билим алышты. Кош дипломдуу билим берүү боюнча университеттер 2022-жылы келишимге кол коюшкан”,-деди Евразия Улуттук университетинин ОшМУдагы филиалынын директору Айнур Рахимберди кызы.