
27–28-29-июнь күндөрү Ош шаарында Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жамааттардын өнүгүүсүн колдоо программасы (MSDSP), Ага Хан фондунун колдоосу менен Патрип долбоорунун алкагында ЖОЖ окутуучулары үчүн "XXI кылымдын жумшак көндүмдөрүн жакшыртуу" темасында үч күндүк тренинг болуп өттү. Тренингге Ага Хан фондунун билим берүү бөлүмүнүн менеджери Назира Жолдошбекова, тренерлер, фонддун кызматкерлери, окуу жайлардан өкүлдөрү катышты.
Иш-чара мугалимдердин жумшак көндүмдөрдү окутуу процессине интеграциялоо жөндөмдөрүн жогорулатуу жана коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү ыкмаларын үйрөтүү максатында уюштурулду. ОшМУдан коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректор Нуржамал Мапаева, Квалификацияны жогорулатуу борборунун директору Ташболот Жороев, Аккредитация жана лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Кулсара Султанова катышты.
Тренингдин катышуучулары педагогикалык компетенцияларды талдап, жумшак көндүмдөрдүн окуучулардын инсандык жана академиялык өнүгүүсүнө тийгизген таасири, практикалык көнүгүүлөр менен методикалык ыкмалар боюнча маалыматтарды алышты.
Тренингдин жүрүшүндө эмоционалдык интеллект, баалуулуктарга негизделген чечим кабыл алуу, команда менен иштөө, эффективдүү коммуникация жана кризистик кырдаалдарда чечим кабыл алуу сыяктуу темалар камтылды.