Антикоррупциялык форумда ОшМУда “Таза билим – таза коом” долбоорунун аткарылышы боюнча маалыматтар берилди

Башкы Жаңылыктар

Антикоррупциялык форумда ОшМУда “Таза билим – таза коом” долбоорунун аткарылышы боюнча маалыматтар берилди

Image

25-июнда Бишкекте «Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана жарандык коом институттарынын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү» деген темада Антикоррупциялык форум болуп өттү.

Иш-чарага мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эксперттик, жарандык коомчулуктун, эл аралык уюмдардын, ошондой эле академиялык чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышты. ОшМУдан коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректор Нуржамал Мапаева катышып, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын “Таза билим – таза коом” долбоорунун алкагында университетте  жаштар арасында коррупцияга каршы жүргүзүп жаткан иштери боюнча маалымат берилди. 

Долбоордун алкагында окуу жайда Студенттик кеңештен жана Акыйкатчы аппаратынан 28 студент окутуудан өтүшкөн. Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча 16 күндүк акция уюштурулуп, маалыматтар таркатылган. Андан сырткары жемкорлука каршы күрөшүү боюнча студенттер арасында сурамжылоолор жүргүзүлгөн.  Жыйынтыгында түштүк регионундагы ЖОЖдор арасында долбоордун негизинде дебаттык турнирлер, долбоордун жетекчилиги  менен биргеликте төгөрөк столдор өткөрүлгөн.  

Форумдун алкагында мамлекет менен коомдун стратегиялык өз ара аракеттенүүсү, ачык-айкындуулукту жогорулатуу механизмдери, ошондой эле жер-жерлерде коррупциянын алдын алуу боюнча реалдуу демилгелер талкууланды.

Бул иш-чара Коррупция жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоо маселелерин изилдөө боюнча Борбор Азия институту тарабынан, Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы менен өнөктөштүктө жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен уюштурулду.

 

Фото галерея