ОшМУнун базасында мектеп мугалимдери үчүн семинар уюштурулду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун базасында мектеп мугалимдери үчүн семинар уюштурулду

Image

Бүгүн, 30-июнда ОшМУнун базасында Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин кандидаты, новатор агартуучу Гапыр Мадаминов,  билим берүү маселелери боюнча серепчи, педагог Асылбек Жоодонбеков, ОшМУнун квалификацияны жогорулатуу борборунун директору Ташболот Жороевдин катышуусунда мугалимдер үчүн семинар уюштурулду.

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов, Ош шаардык кеңешинин депутаты Медербек Абдыманапов тарабынан уюштурулган окутууга Араван районундагы жана Ош шаарындагы мектептерден 70 мугалим катышууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө мугалимдер белгилүү педагогдордун билим берүү багытындагы тажрыйбалары, заманбап усулдары менен таанышып, жаңы билимдерге ээ болушту. 

Уюштуруучулардын айтымында, мындай окутуулар облустагы жана шаардагы бардык мугалимдер үчүн мындан ары да  улантылат.   


 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Фото галерея