
Америкадагы Мичиган мамлекеттик университетинин ардактуу профессору Стивен Пюпке жана профессор, Азия борборунун директору Жиагуо Ци бүгүн, 20-июнда ОшМУда болушту.
Делегация университеттин окуу иштери боюнча проректору Руслан Арапбаев, илимий иштер боюнча проректор Элзарбек Эшаров, Рейтинг бөлүмүнүн жетекчиси Максат Тотобаев жана Эл аралык байланыштар департаментинин директору Сайкал Ибраимова менен жолугушуп, пикир алышты.
Жиагуо Ци ОшМУга Азия борборунун алкагында эл аралык илимий кызматташтыктарды өнүктүрүү, энергетика, тамак-аш, суу маселелери боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү, биргелешкен долбоорлорду жазуу жана эл аралык деңгээлде чоң иш-чараларды өткөрүү сунуштары менен келгенин билдирди. Алдыда эки окуу жайдын ортосунда кызматташуу багытында иштер алып барылары макулдашылды. Коноктор ОшМУдагы билим берүү, илим изилдөө, эл аралык байланыштар багыттарында жасалып жаткан иштер менен таанышат.
Мичиган мамлекеттик университети АКШнын эң ири жана алдыңкы мамлекеттик университеттеринин бири болуп саналат. 50 миңден ашуун студент айыл чарба, инженерия, медицина, экология, эл аралык мамилелер багыттарында билим алышат. Университеттин алдындагы Азия борбору окуу жайга өнөктөштөрдү табуу, биргелешкен каржылоо стратегияларын иштеп чыгуу жана инвестицияларды тартуу аркылуу комплекстүү изилдөөлөрдү, жаңы академиялык программаларды өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Учурда Борбордук Евразия, Чыгыш, Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азиядагы 27 мекеме аталган борбордун мүчөсү болуп саналат. Алар азык-түлүк, айыл чарба, саламаттыкты сактоо, экология, суу жана энергия тармактарында кызматташат.