Чех табигый университетинен келген адистер ОшМУда мастер-класстарды өттү

Башкы Жаңылыктар

Чех табигый университетинен келген адистер ОшМУда мастер-класстарды өттү

Image

Прагадагы Чех табигый университетинин "Эразмус +" программасы боюнча долбоорунун менеджери Барбара Йорданова жана жетектөөчү адиси Аджи Пазивум бүгүн, 10-июнда ОшМУда болду.  

Алар университеттин орто кесиптик билим берүү департаментинин директору Чыңгыз Мамажакып уулу, академиялык иштер жана билим берүү саясатын өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу башкармалыгынын мектепке чейинки жана мектептик билим берүү боюнча башкы адиси Жоогазын Болушева менен жолугуп, кызматташуу боюнча пикир алышты. 

Аджи Пазивум менен Барбара Йорданова ОшМУга тажрыйба алмашуу максатында келгендиктерин айтып, эки окуу жайдын ортосунда академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлор менен иштөө сунуштарын айтышты. Келечекте Чех табигый университетинин студенттерин англис тилин жана чех тилин үйрөтүүчү волонтерлор катары ОшМУнун “Зирек” башалгыч билим берүү борборуна жана “Билим” окуу-тарбия комплексине жиберүү боюнча да сүйлөшүүлөр орун алды. Алар окуу жайдын “Зирек” башалгыч билим берүү борборунда болуп, мугалимдер жана 3-4-класстын окуучулары үчүн балдардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү боюнча мастер-класстарды өткөрүштү.

Буга чейин аталган университетке 2023-жылы ОшМУнун эки окутуучусу барып тажрыйба аламашып келген. 2018-жылдын 12-мартында ЖОЖдор ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган.

 

Фото галерея