
Бүгүн, 10-июнда Кыргызстандагы Улуттук Erasmus+ кеңсеси тарабынан уюштурулган онлайн-семинар өттү. Анда Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков «ОшМУнун төртүнчү муундагы университетке өтүү жолундагы тажрыйбасы» менен бөлүштү.
Ал университеттин трансформациялануу багытындагы негизги иштерине токтолуп, окуу программаларын жаңылоо, кредиттик технологияларды киргизүү, окуу процесстеринин ачык-айкындуулугун камсыздоо, академиялык абройду жогорулатуу жана социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө багытталган илимий изилдөөлөр тууралуу маалымат берди.
Андан сырткары билим берүү, илим, өндүрүш жана коммерцияны интеграциялоо, университеттин санариптик чөйрөсүн түзүү, эл аралык билим берүү мейкиндигине чыгуу жана эл аралык рейтингдерге катышуу боюнча жетишкендиктер айтылды.
Окуу жайдын Ош шаарынын жана Ош облусунун социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган илим жана изилдөө тармагындагы алдыңкы тажрыйбалары белгиленди. Ошондой эле университеттин заманбап инфраструктурасын түзүү, өзүнүн спорт тармагын өнүктүрүү жана студенттерди социалдык жактан колдоо маселелери да камтылды. Семинардын соңунда катышуучулар активдүү талкуу жүргүзүп, ректор суроолорго жооп берди.
Семинарга жогорку окуу жайлардан жана коомчулуктан өкүлдөр катышты.