ОшМУнун профессору эл аралык иш-чарага катышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун профессору эл аралык иш-чарага катышты

Image

 

4-июнунда Москва шаарында “Евразия мейкиндигиндеги өлкөлөрдүн социогуманитардык билим берүү тармагындагы баалуулуктары”  аталышындагы эл аралык тегерек стол болуп өттү. 

Анда Ош мамлекеттик университетинин Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун илимий иштер боюнча директордун орун басары, профессор Венера Сабирова онлайн форматта «Кыргызстандын түштүгүндөгү жогорку окуу жайлардын филологиялык адистиктеринде окутуу тажрыйбасынан: Ага Хан фондунун «Адам таануу» долбоорунун мисалында» деген темада баяндама жасады.

Талкуу учурунда катышуучулар Евразия мейкиндигиндеги университеттердин ортосундагы социогуманитардык тармактагы кызматташтыкты бекемдөө жана көп тараптуу мамилелерди өнүктүрүү идеяларын колдошту.

Иш-чараны Орусиянын Гуманитардык илимдер боюнча мамлекеттик академиялык университети жана «Евразия.Эксперт» маалымат-аналитикалык басылмасы биргеликте уюштурган. Ага Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Орусия, Сербия, Тажикстан жана Өзбекстандан 30дан ашуун өкүлдөр катышты. Алардын арасында Орусиянын жана чет өлкөлөрдүн университеттеринин эксперттери, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн башкы редакторлор клубунун мүчөлөрү катышты. 

Ага Хан фондунун "Адам таануу" долбоору  ОшМУда 1999-жылдан тарта  иштеп келет.

Фото галерея