АКШнын Миссури университетинен келген делегация ОшМУда болду

Башкы Жаңылыктар

АКШнын Миссури университетинен келген делегация ОшМУда болду

Image

АКШнын Миссури университетинин эл аралык программалар боюнча проректору Мэри Стегмайер баштаган 12 адамдан турган делегация 5-июнда ОшМУда болуп, окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков баштаган жамаат менен жолугушту.

Делегациянын курамында Луизиана мамлекеттик университетинин массалык коммуникация факультетинин деканы Ким Биссел жана Миссури университетинин профессорлору, студенттери бар.

Жолугушууда Миссури университети менен ОшМУнун ортосунда буга чейин түзүлгөн меморандумдун алкагындагы кызматташуулар боюнча сөз болду. Окуу жай жетекчиси Кудайберди Кожобеков университет тууралуу маалымат берип, делегациянын башчысы Мэри Стегмайерге АКШнын ЖОЖдору менен кызматташуудагы салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Сүйлөшүү учурунда эки университеттин ортосунда тажрыйба алмашуу, илим изилдөө, билим берүү, академиялык мобилдүүлүк, биргелешкен билим берүү программалары боюнча сөз болду.

Коноктор иш сапарынын алкагында ОшМУнун окутуучулары жана студенттери менен жолугуп, АКШдагы университеттерде академиялык мобилдүүлүк багытында кандай программалар бар, аларга кантип тапшырып, окуп, тажрыйба алмашып келсе болору тууралуу маалымат беришет.  Профессорлор конок лекцияларды да өтүшөт.

Миссури университети менен ОшМУ 2022-жылдын 13-январында кызматташуу меморандумуна кол койгон. Жыл сайын Мэри Стегмайер баштаган делегация ОшМУга келип, конок лекцияларды, жолугушууларды өткөрүп турат. Профессорлору да конок лекцияларды өтүп, илимий изилдөө иштерине катышат.

Быйылкы жаңы окуу жылында ОшМУнун эл аралык байланыштар департаментинин директору, доцент Сайкал Ибраимова Фулбрайт программасы боюнча Миссури университетинде илимий изилдөө ишин алып барат. Бул программа кыргыз изилдөөчүлөрүнүн адистик билимин тереңдетүүгө багытталган.

Миссури университети 1839-жылы түптөлгөн. Анда 30 миңден ашуун студент 270 адистик боюнча билим алышат.

 

 

Фото галерея