Окутуучулар Орусияда медицина багыты боюнча окутуудан өттү

Башкы Жаңылыктар

Окутуучулар Орусияда медицина багыты боюнча окутуудан өттү

Image

ОшМУнун Медицина жана Эл аралык медицина факульететинин сегиз окутуучусу Орусиянын Оренбург мамлекеттик медициналык университетинде анатомия жана гистология предметтери боюнча окуу курсунан өтүп келишти.

Ошондой эле алар аталган университеттин базасында өткөн “XXI кылымдагы фундаменталдык жана колдонмо морфология” съездине катышты. Бул эл аралык иш-чара 28-30-май күндөрү өттү. 

Үч күндүк иш-чарада клиникалык анатомия, клеткалык биология, ветеринардык морфология, 3D-анатомия жана жасалма интеллект сыяктуу бир катар темалар боюнча секциялык жана пленардык жыйындар болгон. Анда ОшМУнун окутуучулары илимий баяндамаларды жасашты. Ошондой эле заманбап морфология илимдериндеги жаңы ачылыштарды жана билим берүү методдорун талкуулашты. 

Съезд көрүнүктүү окумуштуулар — академик Михаил Сапиндин 100 жана профессор Илья Кагандын 95 жылдыгына арналды. Иш-чаранын жүрүшүндө жогорку окуу жайлардын профессорлору жана студенттери тажрыйба алмашып, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган биргелешкен чечимдерди кабыл алышты.

 

Фото галерея