Анкара социалдык билим берүү университети менен байланыш түзүлдү

Башкы Жаңылыктар

Анкара социалдык билим берүү университети менен байланыш түзүлдү

Image

Түркиянын Анкара социалдык билим берүү университети менен ОшМУнун ортосунда меморандумга кол коюлду. Эки тараптуу кызматташуу аталган окуу жайдын ректору Муса Казым Арыжан баштаган делегациянын бүгүн, 29-майда ОшМУда болгон кызматтык сапарында ишке ашты. 

Документте биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу, студенттер менен окутуучулардын арасында академиялык мобилдүүлүк, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, конок лекцияларды окуу, тренингдерди өткөрүү үчүн белгилүү илимпоздор менен адистерди чакыруу каралган. Мындан тышкары окуу программаларын алмашуу, илимий долбоорлорду ишке ашыруу жана эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүү багыттары камтылган.

Коноктор ректор Кудайберди Кожобеков, тышкы байланыштар боюнча проректор Курсантбек Аттокуров, Орто кесиптик билим берүү департаментинин директору Чынгызбек Мамажакып уулу менен жолукту. Анда тараптар алдыда байланыштарды бекемдөөгө эки окуу жайдан тең жигердүү иш аракеттер көрүлөрүн белгилешти.

 

Фото галерея