Окутуучулар Талдык ашуусунан дары өсүмдүктөрдүн  гербарийлерин жыйнашты

Башкы Жаңылыктар

Окутуучулар Талдык ашуусунан дары өсүмдүктөрдүн  гербарийлерин жыйнашты

Image

Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун  доценти Болотбек Каримов баштаган илимий кызматкерлер, окумуштуулар жана  Пакистандын Каид-и Азам университетинин профессору  Мухаммед Зафар Гүлчө дарыясынын жогорку агымында, Талдык ашуусунда экспедицияда болушту.

Алар элүүдөн ашуун дары өсүмдүктөрүнүн гербарийлерин жыйнашты. Жыйналган гербарийлер “Табиятта сейрек кездешкен декоративдүү жана дарылык касиети бар айрым өсүмдүктөрдү интродукциялоо методдорун иштеп чыгуу” долбоорунун алкагында колдонулат.

Ал эми профессор Мухаммед Зафар экспедициядан соң институттун окутуучуларына жана студенттерге "Климаттын өзгөрүшүндө биологиялык ар түрдүүлүктүн ролу" аталышында конок лекция өттү. Баяндамасында өзүнүн тажрыйбасы жана илимий жетишкендиктери менен бөлүштү. Ошондой эле илимий изилдөөнүн заманбап методдорун, тажрыйба жүргүзүүдөгү эффективдүү ыкмалар жана дүйнөлүк илимдеги актуалдуу маселелерди камтып өттү. 

Мухаммед Зафар AD Scientist index дүйнөлүк рейтингинде 2-орунда турган белгилүү илимпоз. Ал илимий чөйрөдө өзүнүн жигердүү эмгектери менен кеңири таанылган.

Фото галерея