ОшМУнун Тарых факультетинин 40 жылдык мааракеси белгиленди

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун Тарых факультетинин 40 жылдык мааракеси белгиленди

Image

Бүгүн, 29-майда Ош мамлекеттик университетинин Тарых факультетинин 40 жылдык мааракеси белгиленди. Иш-чараны ректор Кудайберди Кожобеков ачып, факультеттин тарыхы, ийгиликтери, жетишкендиктери боюнча айтып, куттуктоо сөзүн жолдоду.

Мааракеге факультеттин сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү, Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси Алайбек Алымбаев, Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн аппаратынын социалдык бөлүмүнүн башчысы Кенжебек Абдылдаев, ОшМПУнун ректору Бекмырза Зулуев, чет өлкөлүк өнөктөш ЖОЖдордон өкүлдөр, окумуштуулар, окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы, факультеттин сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү, студенттер катышты.

Алгач мааракеге арналган даректүү тасма көрсөтүлүп, 40 жыл ичинде факультеттин жетишкендиктери тууралуу маалымат берилди. Өнөктөш жогорку окуу жайлардын, Чехия, Орусия, Кыргызстандан окумуштуулардын, ардагер окутуучулардын, бүтүрүүчүлөрдүн куттуктоо сөздөрү жаңырды.

Кечеде факультетте мурда иштеп кеткен жана учурда эмгектенип жаткан ардагер окутуучулар профессор, коомдук ишмер Балтагул Нурунбетов, ЖАМУнун профессору Эртабылды Сулайманов, 
ОшМУнун доценти Жумали Адилбаев, коомдук-саясий ишмер Турсунбай Бакир уулу, И.Арабаев атындагы КМУнун доценти Карыбек Алымкулов да факультет тууралуу айтып, каалоолорун жолдошту.

Иш-чаранын алкагында ОшМУнун мыкты окутуучуларына мамлекеттик жана шаардык деңгээлдеги сыйлыктар,  бүтүрүүчүлөргө “Тарых факультетинин мыкты бүтүрүүчүсү” номинациялары тапшырылды. Мааракенин алкагында “Кыргызстандагы тарыхый билим берүүнүн мурасы жана келечеги” аттуу илимий-практикалык конференция уюштурулуп, баяндамалар окулду. 

Күндүн экинчи бөлүгүндө коноктор Ош шаарына жана ОшМУга саякат жасашат. Мааракени уюштурууга N-Group курулуш компаниясы демөөрчүлүк кылган.

ОшМУнун тарых факультетинин тарыхы 1985-жылдан башталат. Беш миңден ашуун бүтүрүүчүнү чыгарып, коомго салым кошкон адистерди даярдап келет. Учурда Тарых-юридика институтунун курамында.

Фото галерея