
Бүгүн, 26-майда Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Чжэн Ву баштаган делегация ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинин “Алдыңкы тажрыйба” борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Анда конокторго колледждин түрдүү адистиктеринде билим алып жаткан студенттеринин чыгармачылык менен даярдаган тамак-аш, түрдүү буюмдарынын көргөзмөсү көрсөтүлдү. Ошондой эле жаш дизайнерлердин колунан жаралган эмгектерден турган мода көргөзмөсүнө күбө болушту. Мындан тышкары борбордун үч жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалымат берилди.
Жыйынтыгында банктын өкүлдөрү жогорку баасын берип, мындан ары да кызматташууну уланта тургандыктарын билдиришти.
"Алдыңкы тажрыйба борбору" 2022-жылы Азия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен ачылган. Анда тигүү цехтери, программалык жабдуу менен камсыздоочу өндүрүштөр жайгашкан. Борбордо студенттер үчүн өндүрүш кошо иштейт. Тигүү, программалоо адистигинде билим алгандар бир эле мезгилде теория менен практиканы айкалыштыра алат. Алар даярдаган өндүрүштөр ОшМУнун фирмалык дүкөнүнө сатыкка чыгат.
Жакында өлкөдө биринчи жолу орто кесиптик билим берүү уюмдарынын улуттук рейтинги чыгарылган. Анда ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжи алдыңкы орунду ээлеген.