23-майда Ош мамлекеттик университети менен Пакистандын Каид-и-Азам университети кызматташуу меморандумуна кол койду. Ага ректор Кудайберди Кожобеков жана аталган окуу жайдын профессору Мухаммад Зафар катышты.
Документте окуу жайлар билим берүү, илим изилдөө, искусство жана маданият багыттарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруусу каралган. Мындан тышкары академиялык мобилдүүлүк, окутуучулар менен студенттердин тажрыйба алмашуусу боюнча да кызматташатэ
Каид-и-Азам университети — Пакистандын эң жогорку рейтингге ээ болгон окуу жайы. Дүйнөлүк рейтингде 315-орунду ээлейт. Университет Исламабад шаарында жайгашкан. Бүгүнкү күндө илим-билим берүү жана изилдөө ишмердүүлүгү боюнча дүйнөлүк деңгээлде жогору бааланып келет.