Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун төртүнчү курсунун студенти Мырзайым Аскарбекова «Педагогическая смена» эл аралык сынагынын финалисти болду.
Сынакка дүйнөнүн 60 өлкөсүнөн 850 студент катышты. Финалдык этабы 4-майдан 24-майга чейин Орусияда өтүп, үч жумага созулган. Мырзайым Аскарбекова Кыргызстандын атынан татыктуу катышып, “методикалык материалды актердук чеберчилик менен берүү” номинациясына татыды.
«Мен Орусиянын Иваново шаарындагы «Интердом» деген уникалдуу мектепте болдум. Ар бир күнүбүз билимге, шыктандыруучу лекцияларга, мастер-класстарга, долбоорлорго бай өттү. Биз дүйнөнүн 60 өлкөсүнөн келген студенттер менен чогуу иштештик. Бул атмосфераны сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Ошондой эле Москва шаарына саякат жасап «алтын шакек» деп аталган тарыхый шаарлардын бири Владимирге бардык, Плёс шаарындагы «Левитан» тоосуна чыктык. Ивановодо өткөргөн бул күндөр жашоомдогу эң сонун учурлардын бири болуп калды», -дейт ал.
Мырзайым Аскарбекова институттагы Калмамат Абдиев атындагы стипендиянын ээси, Александр Пушкиндин 225 жылдыгына арналган эл аралык көркөм окуу конкурсунун I даражадагы дипломуна да татыган. Бир нече эл аралык сынактардын катышуучусу.