Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жаштардын ишкердик жөндөмүн өнүктүрүү жана бизнес-идеяларды илгерилетүү максатында «Студенттик стартап» аттуу стартап-долбоорлор сынагын жарыялайт.
Сынак жаштардын ишкердик демилгелерин колдоо, инновациялык идеяларды өнүктүрүү жана алардын ишке ашуусуна көмөктөшүү максатында уюштурулат. Ага жогорку окуу жайлардын студенттери (бакалавриат, магистратура, PhD), жаш илимпоздор жана окутуучулар катыша алышат.
Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке байланышыныз:
Ош шаары, ОшМУнун Бизнес паркы
Эл аралык билим берүүнүн жогорку мектебинде жайгашкан 105-106 кааналар.
Телефон: +996 [503440705]
⏳ Документтер 1-июнга чейин кабыл алынат.
Сынакка катышып Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен 1 млн сомго чейинки грант алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуңуздар.