Медколледждердин ортосундагы волейбол боюнча мелдеште ОшМУ чемпион болду

Башкы Жаңылыктар

Медколледждердин ортосундагы волейбол боюнча мелдеште ОшМУ чемпион болду

Image

Талас медициналык колледжинин 70 жылдык мааракесине карата уюштурулган волейбол боюнча мелдеште ОшМУнун медициналык колледжинин командасы үчүнчү ирет чемпиондук наамды жеңип алды. 

Мелдеш 16-17-май күндөрү өттү. Аны менен бирге колледжде “Медицина тарых барактарында” аттуу эл аралык конференция да уюштурулду.

Аталган иш-чара Кыргызстандын медициналык колледждеринин ассоциациясы тарабынан уюштурулуп, Казакстан, Орусия жана Кыргызстандын 27 медициналык колледждери катышты.

 

 

Фото галерея