Волейбол боюнча эл аралык мелдеште ОшМУ алдыңкы орундарды багындырды

Башкы Жаңылыктар

Волейбол боюнча эл аралык мелдеште ОшМУ алдыңкы орундарды багындырды

Image

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде волейбол боюнча өткөн аралык эл аралык мелдеште ОшМУнун 40 жаштан жогорку курактагы эжекелери биринчи орунду, агайлар экинчи орунду ээледи. Ал эми 40 жашка чейинки курактагы эжекелер жана агайлар ортосунда болсо биринчи орундарды камсыздашты.

Спорттук иш-чара аталган университеттин 100 жылдык мааракесине карата өткөрүлдү. Мелдешке Өзбекстандын жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын окутуучулары, кызматкерлери катышты.

Байгелүү орунду камсыздаган командаларга медаль, кубок, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Спорттук саамалык ЖОЖдор аралык ынтымакты бекемдөө жана ден соолукту чыңдоо максатында демилгеленген.

Фото галерея